Бийликте лидер аялдар аз
Бишкекте Өкмөттүн алдындагы гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын жетекчилиги алдында 1-декабрда болуп өттү.
Жыйында бийликтин аткаруу органдарында жана шайлоолордо гендердик өкүлчүлүктөрдү камсыздоо боюнча мыйзамдарды ишке киргизүү маселеси каралды. Гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча бир канчалаган мыйзамдар чыкса да, ал толук аткарылбай келет. Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештерде жана Жогорку Кеңеште 30%дан кем эмес аялдардын өкүлү болушу шарт болсо, бүгүнкү күнгө чейин бул норма аткарыла элек. Мисалы, 2005-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен парламентти жалаң мырзалар ээлеген. 2007-жылкы шайлоодо парламентте 25,5%, 2014-жылдын 1-декабрына карата парламентте 22,5% же 27 аял депутат бар. Өкмөттө 18,2% гана аялдар бар. Мамлекеттик агенттик, кызмат, инспекцияларда болгону эки гана жетекчи аял жана Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнөн экөө гана бар. Жалпы республика боюнча жергиликтүү кеңештердин аял-депутаттары 2012-жылы 16% болгон. Андан бери бул цифра өзгөрүп деле кеткен жок. Ал эми айыл өкмөттөрдүн жетекчи аялдары 5%дан аша элек. Ушундан улам, гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрү гендердик балансты сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү Жогорку Кеңеш, Өкмөт, мамлекеттик кадр кызматы, Башкы прокуратура жүргүзүшү керек деп эсептейт. Бирок, мыйзамдын аткарылышын мыйзам чыгаруучулар өздөрү көзөмөлдөбөгөн учурлар көп кездешет. Чечимдерди чыгарууга бирдей мүмкүнчүлүктөр болбогондуктан, кечиктирилгис жана актуалдуу маселелерди чечүү дайыма бир жагына аксап келатканы айныгыс чындык.
Жакында парламенттик шайлоо башталат. Ага чейин аялдар коңгуроо кага башташты. Мыйзамдуу кабыл алынган нормага жетпей жаткан жагдайлар дагы болуп кетпесин деген аракет. Бул үчүн аял-лидерлер мыйзамдардын аткарылышын жана айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Мисалы, шаардык, райондук жана Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар бир жыныстагы адамдардын санын 60%дан ашырбашы керек деген талап. Ал эми “КР Жогорку Кеңештин депутаттарын жана КР Президентин шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 65-беренесинде “Депутат башка ишке өтсө же мандатын өз каалоосу менен таштаса, БШКнын чечими менен тизме боюнча кезекте турган талапкер мандатка ээ болот” деп жазылган. Аны лидер айымдар “эгер депутат башка ишке өтсө, тизмеден чыгарылса же мандаттан өзү баш тартса, анда анын ордун тизмедеги ошол жыныстагы талапкер ээлеши керек” деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Мында аялдардын ордун сактап калууга аракет көрүлүүдө. Анткени, кандай гана партия болбосун, тизме боюнча талапкерлерин жылдырып келатып, мыйзамдуу норманы сактай албай, аялдын ордун эркек ээлеп калышы мүмкүн.
“Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова шайлоо учурунда бай аялдар акчанын күчү менен өтүп, эл үчүн иштеген аялдар калып калаарын, андыктан, мындай аракеттерге ишенбестигин билдирди.
Ушундай талкуулардан кийин улуттук кеңештин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутат айымдары көтөрүп жаткан демилгени колдоо, бардык айылдык, шаардык кеңештерге жана Жогорку Кеңешке келе турган айымдардын санын мыйзамда жазылгандай 30%га чейин көтөрүү сунуштарын Жогорку Кеңешке жөнөтүү чечимин кабыл алышты.
Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу