Бишкектин түштүк бөлүгүндө муниципалдык нан заводунун курулушу жылдын аягында бүткөрүлөт, – мэр К.Кулматов
Бүгүнкү күндө жумуштар ийгиликтүү аткарылып жатат, монтаждык иштер жүргүзүлүүдө, деди 22-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов Бишкектеги муниципалдык нан чыгаруучу завод тууралуу айтып жатып.
Анын айтымында, заводдун ичине газ киргизүү жүрүп жатат. «Курулушту жылдын акырына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз», – деди мэр.
«Биз долбоордун адаптациясын жүргүзүшүбүз керек, жана сейсмологиялык маселелерди чечүү зарыл. Ошондуктан бир канча убакытты долбоор боюнча макулдашуу маселелери алды», – деп билдирди шаар жетекчиси.
Эске салсак, 2012-жылдын 19-октябрында нан чыгаруучу заводдун курулушуна капсула салынган.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу