Бишкектеги Калыс-Ордо конушунун аймагынан каналдын ичинен 45-50 жаштардагы эркек адамдын жансыз денеси табылды
Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушунун аймагынан каналдын ичинен 45-50 жаштар чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылды.
Кечээ, 7-январда саат 11:25 чамасында Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аты-жөнү белгиз эркек адамдын жансыз денесин каналдан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу