Базаралиева_Анархан_Мамбетовна
Кечээ, 22-декабрда КР Жогорку сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн «Жумушка кайра орноштуруу боюнча иштерди соттордо кароо» деген аталыштагы бир күндүк семинар өткөрдү.

Семинарды КР Жогорку Сотунун судьясы Базаралиева Анархан Мамбетовна окутту.

Семинарды куттуктоо сөздөрү менен Германиялык эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» Программасынын Улуттук координатору Мадалиев Рустам жана КР Жогорку сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун директору Кожокматова Жылдыз ачышты.

Семинардын ишине КРнын жергиликтүү сотторунун 22 судьясы катышты.