femida (1)

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей эртеӊ, 28-ноябрда, Бишкекте «Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тармагында коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын-алуу боюнча чаралар»аталыштагы тегерек стол өтөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов, Кыргыз Республикасындагы USAID Миссиясынын директору Майкл Гриин жана башкалар катышышат.

 Тегерек столдун башталышы саат 09:00дө.

 «Жаннат Ридженси» мейманканасынын конференц-залы, Бишкек шаары, Аалы-Токомбаев көчөсү, 21/2.