Бишкекте милиция мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелген кылмышкерди кармады
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге 102 кызматы аркылуу, Бишкек шаарынын түндүк аймагында жайгашкан «Кербен» базарына жакын аймактан белгисиз адамдын денеси табылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.
Аталган жерге келген Свердлов РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу болжол менен 40 жаштар чамасындагы эркек адамдын бычактан жаракат алган жансыз денесин табышкан. Биринчи текшерүүдө жансыз денеде 19 бычак жаракаты бар экендиги аныкталып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык соттук-медициналык экспертизасына жөнөтүлгөн. Жакынкы үйлөрдүн жашоочулары жана «Кербен» базарынын кароолчулары менен дүкөндөрдүн кызматкерлери каза болгон адамды таанышпай тургандыгын, эч кандай шектүү бир нерсе укпагандыктарын жана көрбөгөндүктөрүн айтышкан.
Аталган факт боюнча Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан, КР Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренсинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту менен (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.
Кийин каза болгон адам 1973-жылы туулган И.Бахтияр экендиги аныкталды.
Аталган кылмышты ачыктоо максатында, Свердлов РИИдин кылмыш иликтөө кызматкерлери менен Бишкек ШИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, каза тапкан адамдын туугандарын, тааныштарын жана аталган кылмыштын күбөлөрүн аныктоо, кылмыштын ар кандай версияларын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында аталган кылмышты кылууга шектелип Ош облусунун тургуну, Бишкек шаарынын Келечек кичирайонунда жашаган, 1967-жылы туулган С.Артыкбек кармалды.
Тергөө иштери уланууда.

Комментарий кошуу