Бишкекте Медициналык колледждин 85 жылдыгы белгиленди
Биринчи Май районунун башчысы саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрларды даярдоодо колледждин ролу зор экенин баса белгиледи. “Калк сиздерден оорулардан айыгууну гана эмес, көңүл, жакшы мамилени жана чыдамкайлуулукту да талап кылат. Эң маанилүүсү, сиздер ар бириңиздер жоопкерчиликтүү болуп, ак кызмат кылышыңыздар керек. Сиздердин кесибиңиздерге, кылган эмгегиңиздерге ыраазычылык билдирем жана жалпыңыздарга бекем ден соолук, бактылуулук жана бакубат жашоо каалайм!”– деди ал.
Ошондой эле аталган колледжге көп жылдан бери эмгектенген үлгүлүү жана ак ниеттүү кызматкерлер Биринчи Май райондук администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Булак: super.kg

Комментарий кошуу