биометрия

Өлкө аймагында 2015-жылдын апрель айында жалпы калктын биометриялык маалыматтарды топтоону аяктаарын билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 16-январда өткөргөн маалымат жыйынында. Кыргызстандын жарандарын биометриялык маалыматын каттоо стратегиялык багыт болуп эсептелет. Биометриялык каттоо 2014-жылдын май айынан тартып башталган. Анын айтымына караганда, биринчиден техникалык-экономикалык негизи иштелип чыгып, жаңы жылга жакын 2 млн. адамга жакындаган. 2015-жылдын январь айына карата 2 млн. 41 миң адам каттоодон өткөн. Биометриялык каттоо боюнча Ош жана Баткен облустары алдыңкы орунда. Ал эми Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 15-январында калктын 50 пайыздан ашыгы каттоодон өткөндүгү аныкталды – деп билдирет Т.Сарпашев. Учурда биометриялык маалыматтарды топтоо боюнча бошогон жабдуулар Бишкекке жөнөтүлүүдө. Ал эми Бишкек шаары боюнча ала турган болсок, каттоо боюнча 110 пунк иш алып барууда. Жакынкы убактарда алардын саны 200гө жетет. Апрель айында Кыргызстандын аймактары аныкталса, Бишкек шаары жана Чүй облусу менен жеке иштешебиз,- дейт биринчи  вице-премьер-министр. Жыйынтыкталып бүткөн соң, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Орусиянын чоң шаарларына чыгаарын кошумчалады Т.Сарпашев.

Айнура ШАЙКЕЕВА