Биометрика: катталгандардын саны өсүүдө
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 20-ноябрдан бери биометрикалык маалыматтарды жыйноонун абалы менен таанышуу максатында Жалал-Абад жана Ош областтарын кыдырып жүрөт. 22-ноябрга чейин созулуучу иш сапар учурунда ал Токтогул районундагы “Боз-Тектир” жана “Тегерек” сугат каналдарынын курулушу менен таанышат. Ошондой эле эки областтын эли менен жолугушууларды өткөрөт.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 20-октябрдан бери жалпы Кыргызстан боюнча 143 миң 578 адам биометрикалык маалыматтарды тапшырышты. Биометрикалык маалымат жыйноочу 693 пункттун 53ү Бишкекте иш жүргүзүүдө. Баш калаабызда биометрикалык каттоодон өткөндөрдүн саны 19-ноябрга карата 42918 адамга жетти.


Комментарий кошуу