Билим берүүнүн мыктылары сыйланды
Жакында Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинин жыйындар залында өткөрүлгөн салтанат облустун түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгынын жана облустта жарыяланган «Манас» жылынын урматына билим берүү мекемелеринин ортосунда уюштурулган атаандаштыктын жыйынтыгын чыгарууга арналды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева тапшырды.
Окуучуларга билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы ийгиликтери үчүн Талас шаардык билим берүү бөлүмү КР Өкмөтүнүн облустук өкүлчүлүгүнүн Өтмө Кызыл туусуна жана 50 миң сом акчалай байгесине ээ болду. Бакай-Ата районунун Ленин атындагы орто мектеби «Мыкты мектеп» номинациясын, Талас шаарындагы №1 орто мектеп «Мыкты Манас кабинетин түзгөн мектеп» номинациясын жеңип алышып, ар бири 10 миң сомдон акчалай байге алышты. Мындан тышкары «Мыкты лицей», «Мыкты окуу кабинети», «Мыкты мектеп директору» номинацияларынын жеңүүчүлөрүнө 5 миң сомдон 10 миң сомго чейинки акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Окуучуларга билим, таалим берүүдө алдыңкы тажрыйбалары менен айырмаланышкан мугалимдер облустук өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ, Талас облусу


Комментарий кошуу