Осмоналиев1 Осмоналиев

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Тинатин Хидашели менен жолугушту деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Мейманды жылуу кабылдаган К.Осмоналиев 2010-жылдан кийин өлкө парламенттик демократия жолу менен жаңылануу курсун алгандыгы жана өзү төрагалык кылган Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылып берди.

ЕКПАнын эксперт-баяндамачысы Кыргызстандан “Демократия үчүн өнөктөш” макамын алгандыгынын маанисин белгилөө менен комитеттин кароосуна тиешелүү болгон билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана диний маселелер боюнча пикир алышууга кызыкты.

Комитет төрагасы К.Осмоналиев мыйзам чыгаруу органы катары аракеттеги Жогорку Кеңеш тарабынан “КТРК жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгына токтолуп, Башмыйзамда балдардын милдеттүү түрдө билим алууга укуктуулугу белгиленгенин билдирди. Ошондой эле диний кырдаал боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу маалымат берди деп айтылат билдирүүдө.