батыралиев

Бүгүн, 9-декабрда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Геронтология борборун түзүү боюнча» протоколдук тапшырмасы  каралды.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев бул маселени Жогорку Кеңеш жыйынында көтөрүп, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча жана Социалдык саясат боюнча комитеттеринин демилгесинин негизинде Жогорку Кеңеште протоколдук тапшырма кабыл алынгандыгын маалымдады.

Геронтология – адамдын улгайышынын биологиялык, социалдык жана психологиялык аспекттерин, анын себептерин жана аны менен күрөшүүнүн ыкмаларын иликтөөчү илим.

Жыйынга чакырылган Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул маселени жаңы предмет катары карабоо зарылдыгын, бүгүнкү күндүн талабына ылайык маселе экенин белгилөө менен бирге өлкөнүн азыркы шартында Геронтологиялык борборлорду ачуу эртелик кылаарын белгиледи. Ал эми медициналык окуу жайларда бул боюнча сабактарды киргизилиши керектигин кошумчалады.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы” мекемесинин директорунун орун басары Гүлмира Баитова Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча медициналык институт тарабынан 2 жылдан бери республика боюнча 172 (көбүнчө үй-бүлөлүк дарыгерлер) дарыгерлерди геронтология жана гериатрия боюнча окуу курстарынан өткөрүлгөндүгүн маалымдады. Ошону менен катар медициналык окуу жайларга Геронтология кафедраларын азуу зарылдыгын белгиледи.

Комитет мүчөлөрүнүн суроосунан кийин Геронтологиялык борборлор ачылса мамлекет тарабынан каржыланаары, кызмат көрсөтүүлөр акысыз болору, бирок мунун баарына канча каражат зарылдыгы боюнча алдын ала эсеп-кысап жоктугу белгилүү болду. Вице-спикер Бөдөш Мамырова чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларында Геронтологиялык борборлорду ачуу менен карылардын жашоо сапаты, алардын иштөө жөндөмдүүлүгү жакшырып-жакшырбагандыгына кызыкты. Г.Баитованын айтымында, мындай борборлордун ачылышы менен чындыгында эле карылардын жашоо-шарты, иштөө жөндөмдүүлүгү артканын, бул тууралуу көптөгөн илимий диссертациялар жакталганын айтып, натыйжа болгондугун билдирди.

Жыйынтыгында депутаттар “Карынын сөзүн капка сал” дегендей, карыларыбызга кам көрүүгө багытталган бул маселени жалпы жонунан колдоого алып, КР Өкмөтүнө Геронтология борборун этап-этабы менен түзүү мүмкүнчүлүгүн кароону тапшыруу чечимине келишти деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.