33308

Кыргызстанда 23-январдан бери бензин дагы бир сомго арзандады. Алсак, Бишкекте “Газпромнефть Азиянын” май куюучу жайларында 23-январда кеңири колдонулган АИ-92 бензин 41,4 сом болсо, 26-январда 40,4 сомду түздү. АИ-80 бензини да 33 сомдон 32 сомго арзандаган. Ал эми өлкөнү түштүгүндө, мисалы Ош шаарында  АИ-92 бензини 43,9 сом болсо, 26-январда 42,9 сомго түштү. АИ-80 бензини Ошто учурда 34 сомдон сатылууда.

Бензин баасынын арзандашы ресурстардын ашыкча көп болушуна, Россия рыногунда мунай продуктыларынын дүң баасынын арзандашы жана сунуш суроо-талаптан көптүгүнөн болууда. Мындан тышкары, нефти сырьесунун баасынын түшүүсүнө байланыштуу заводдон сатуунун дүң баасы арзандоодо,- деп билдирет Нефтетрейдерлер ассоциациясы.