Режиссер

Кечээ, 15-январда Кыргыз Республикаcынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин арабыздан кеткенине эки жыл толду.

Чебер кинопортретчи катары таанылган чыгармачыл бул инсан убагында Ташкенттеги А.Островский атындагы театралдык-көркөм институтта билим алган. Адегенде эмгек жолун Ысык-Көл облустук драма театрында актердук кесиптен баштаган Бекеш Абдылдаев калган өмүрүн 1959-жылдан тарта кино дүйнөсүнө арнап, кесип чыйырын “Кыргызфильм” киностудиясында уланткан. Кинорежиссер катары ал 1965-жылы Камбаралы Бобуловдун “Түштүк кызы” повестинин мотивинде “Ак маанай” көркөм тасмасын тартса, андан соң, атактуу киночебер Т.Океев, С.Ишенов жана К.Кыдыралиевдер менен биргеликте өткөн кылымдын 60-жылдарында кыргыз киноискусствосундагы эң мыкты тасмалардын бири катары таанылган “Бакайдын жайыты” көркөм фильмин жаратууга катышкан. Кийин документалдуу кинотасмаларды тартууга көбүрөөк ыктап, чыныгы таланты ушул жанрдан даана көрүнгөн дешет киносынчылар. Элүүдөн ашык киножурнал, киноочерк, кыска жана толук метраждуу хроникалдык-документалдык тасмаларды тартып, алардын бир топтору кыргыздын эле эмес, советтик жана дүйнөлүк документалистиканын мыкты тасмалар казынасына киргизилген. Алсак, ал 1965-жылы акын Эстебес Турсуналиев жөнүндө “Төкмө”, 1967-жылы багбан Х.Халматов жөнүндө “Бак”, 1969-жылы Нарын драма театрынын жамааты тууралуу “Нарын жылдыздары”, академик Константин Юдахинге арнап “Сөз жыйнаар”, 1974-жылы атактуу кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Зууракан Кайназарова жөнүндө “Жердин кызы”, “Почта”, “Үйдө бөтөн эмес”, “Гулия” сыяктуу эмгектери Европада жана Советтер Союзунда өткөрүлгөн бир катар эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды ээлеген.

Белгилүү казак кинотаануучу Гульнара Абикеева өзүнүн DVD-коллекциясындагы Борбор Азиянын мыкты документалдык тасмаларынын катарына Бекеш Абдылдаевдин жай аптабына, кыш ызгаарына карабай алыскы тоолордо жашаган малчыларга кат кабар ташыган кайратман почтальон Касымалы Төкөлдөшев жөнүндөгү “Почта” кинотасмасын киргизгенин белгилей кетели. Бул кинотасма Лейпцигде (Германия) өткөн ХV Эл аралык кинофестивалда “Күмүш көгүчкөн” сыйлыгын жана Алматы фестивалында Биринчи сыйлыкты алууга арзыган.

Кесиптештери Бекеш агайды жан тынымын билбеген абдан мээнеткеч эле деп эскеришет. Анткени, башкаларга салыштырмалуу жылына көркөмдүк жана техникалык деңгээли абдан жогорку сапаттагы бир нече кинотасмаларды тартууга үлгүрүп турган. Жогоруда белгилегендей, ал тасмалардын дээрлиги эл аралык кинофестивалдарда байгелүү орундарды ээлеген. Жугумдуу көркөм тили менен айырмаланган кинопортретчи Бекеш Абдылдаев кайталангыс адамдардын образын жаратуу өзүнө абдан жагаарын ар дайым белгилеген. 1981-жылы ата мекендик кинематографиянын 40 жылдыгына арналган “Кыргыз киносу: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган, тарыхый өтө мааниси бар, кыргыз киношедеврлерин жаратуучулар Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров жөнүндө коллективдүү кинопортрет тарткан. Соңку жылдары ал өзүнүн замандаштары жана кесиптештери кинооператор-коюучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери К.Кыдыралиев жөнүндө “Кадыржан”, С.Ишеновго арнап “Жан дүйнө издери”, ошондой эле белгилүү илимпоз, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев тууралуу “Жамин Акималиев” тасмаларын тартып калтырды.

1994-жылдан тарта Бекеш Абдылдаев чыгармачылык өнөрүн окутуучулук менен айкалыштырып, Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда сабак берди. Азыр анын окуучулары өлкөбүздүн киностудиялары менен телеканалдарында эмгектенишет.

Кыргыз искусствосун өнүктүрүүгө кошкон үлкөн салымдары эске алынып, ага 1979-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосунун эмгек сиңирген ишмери”, 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамдары ыйгарылган. Кошумчаласак, бул белгилүү чыгармачыл инсандын уулу Эрлан Абдылдаев ушул тапта Кыргызстандын тышкы саясат мекемесин жетектейт.

Атай АЛТЫМЫШЕВ