произ1

Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө эң чоң салмакты ээлеп турган Орусияга 27,1 пайыз, Казакстанга 11,9 пайыздагы товар экспорттолот.    Бул айтылып жаткан көрсөткүч Бажы биримдигине киргенден тартып  дагы өсүшүн жогорулатат.

Бажы биримдигине кирген учурда экспортко багытталган товарлардын атаандашуусуна мүмкүнчүлүк жаралат. Атай турган болсок, биринчи иретте айыл чарба продукциялары, мөмө-жемиштер жана жашылчалар, мал чарба продукциялары, сүт азыктары, текстиль-тигүү продукциялары жана башка өнөр жай товарлары. Айыл-чарбасында эмгектенип, продукцияларын өндүрүп жаткан дыйкандар үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын эл аралык байланыштарды жана өнүгүүнү изилдөө боюнча проректору Назик Бейшалы айым да белгилейт. Анын пикиринде, айыл чарба тармагында пахта буласын жана жүн өндүрүүнүн өсүшү тигүү өнөр жайын калыбына келтирүүгө жардам берет. Проректор ата мекендик өндүрүш продукцияларына болгон суроо-талап туруктуу экенин жана суроо-талаптын өсүү тенденциясы байкалып жаткандыгын билдирди. Бирок, Кыргызстан Бажы биримдигине кирердин алдында жеңил өнөр жай тармагына чийки зат базасын түзүү жана ошондой эле пахта өндүрүү зарылдыгы келип чыгарын кошумчалады. Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдин билдиргенине караганда, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Молдова өлкөсүнүн атактуу виносунун ордун ээлөөнү пландоодо. Сапаты жагынан бизде чыгарылган шарап Молдованыкынан кем калышпайт. Бул өлкө Европа биримдигине киргендиктен, Бажы биримдигинин рыногунда биз анын ордун ээлешибиз мүмкүн. Кыргызстандын бул өндүрүшүнө Россияда да кызыкдар болгондор бар дейт, – Э.Чодуев. Анын айтымында, дыйкандар жыл өткөн сайын жүзүмдүн, алманын жана башка жемиштердин вино ала турган сортторун өстүрүүгө кызыгышууда.

Мындан ары дыйкандар өндүрүшүн өздөрү каалаган жакка сатууга укуктуу. Учурда сыртка бизден саналуу эле товарлар чыгат. Ошондуктан, өндүрүштү кайра жандандырып малдын санын көбөйтүп, буудай, картошка айдоонун жолдорун жөнгө салуубуз зарыл. Биринчи вице-премьер- министр Т.Сарпашев Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин айыл чарба продукцияларын кайра иштетип өнүктүрүү үчүн жакшы пайдалуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөөрүн айтып келет. Азыр жергебизде 1980-жылдары жакшы өнүккөн күнөскана чарбачылыгын жандандырып, сапатын жогорку деңгээлде чыгаруу ойлонуштурулууда.

Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапар Асанов Кыргызстанда текстилдик тигүү өнөр жайы, булгаарыдан тигилген буюмдарды жасоо тармактары өнүгө баштайт деген ойдо. Жеңил өнөр жайдын негизин Бишкекте жана Чүй облусунда жайгашкан тигүү ишканалары түзөт. Тигилген кийимдин көлөмү 2006-жылдан бери салыштырмалуу 2 эсеге жогорулаган. Бажы биримдигине киргенден тартып экспорттун көлөмү дагы жогорулайт. Анын пикиринде Кыргызстандын экспортунун жалпы түзүмүндө тигүү тармагы алтын жана айыл-чарба азык-түлүктөрүн экспорттоодо 3-орунда тургандыктан, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин тигүү тармагы дүркүрөп өсө баштайт. Андыктан, биз эл аралык стандартка жооп бере турган кийим-кечекти экспорттоого мүмкүндүк бере турган инвестицияларды тартууга тийишпиз.

Учурда тигүүчүлүк жагынан сапаты жогору кийимдерди экспорттоп жаткан тармактардын бири болуп “Назик” фабрикасы эсептелет. Жөнөкөй цехтен иш баштаган фабриканын менеджери Кубат Мырзакановдун маалыматында, тигүүгө керектелүүчү техникалар, тез арада тигүүчү машиналар көбүнчө Кытай мамлекетинен алынып келинет. Мындан сырткары, Германиянын керектүү жабдыктары менен шым, көйнөк, юбка тигилет. Жеңил өнөр жай продукцияларынын 90 пайызы Казакстан менен Орусияга жөнөтүлүп жатат. Ушул багытта азыр Орусиянын 7 пайызын Кыргызстандын жеңил өнөр жайчылары камсыз кылат. Бажы биримдигине мүчөлүгүбүз бардык тигүүчү цехтер, фабрикалар чыгарган продукцияларын экспорттоого шарт түзөт, – дейт Кубат Мырзаканов.

Мындан ары ички өндүрүшчүлөрдүн, айрыкча дыйкандардын, тигүүчүлөрдүн кылган эмгегинин акыбети кайтып, чыгарган продукцияларын сатып өткөрүүдө мурдагыдай убара тартышпайт. Алар өндүрүшүн Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө тоскоолдугу жок ортомчусуз сатууга кыйла мүмкүнчүлүк ала алышат.

Айнура ШАЙКЕЕВА