Бажы биримдиги бизге эмне берет?
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирерине аз калган сайын, ага каршы болгон пикирлердин көбөйгөнү байкалууда. Мында түшүнүп, түшүнбөй эле жетеленгендер дагы толтура. Андыктан, бул маселеге кайрадан кайрылууну эп көрдүк.
Негизги максат
Бажы союзуна кирүүдөгү негизги максат – Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды, продукцияларды сатып өткөрүүчү рынокту кеңейтүү. Ошону менен бирге өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу зарыл. Инвестиция көп келсе, жумуш орундар түзүлөт. Жыйынтыгында жалпы элдин жашоо деңгээли көтөрүлүп, мамлекетте экономикалык ийгиликтер жаралаары бышык.
23-декабрда, Москвада Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн лидерлери менен Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу белгиленген. Документтерге кол коюлар менен өлкөбүз 2015-жылдын 1-январынан Бажы союзуна мүчө болот. Ал эми Бирдиктүү экономикалык аймак (БЭМ) тууралуу айта турган болсок, ага да Кыргызстан мүчө болоору белгилүү болууда. Өткөн аптанын башында КР Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Россияга иш сапары менен барып, орус өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Алар “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорлорунун ишке ашышын, Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин абалын талкуулашты. Иш сапарынын жыйынтыктарына токтолгон Жоомарт Оторбаев: “23-декабрга белгиленген Евразиялык экономикалык союздун саммитине карата даярдык иштерибиз жүрүүдө. Ал күнү Кыргызстан аталган биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүп жатабыз. Кеңири масштабга келсек, 2015-жылдын 1-майында кыргыз-казак чек арасы ачылып, бажы посттору алынат деп турабыз”,- деди.
Белгилүү болгондой, Бажы биримдигине (ББ) кирген тараптар бирдиктүү бажы тарифин колдонуу менен үчүнчү өлкөлөргө сооданы жөнгө салуунун башка чараларын колдонушат. Бажы союзу бирдиктүү бажы аймагында менчик өндүрүштөгү гана эмес, эркин жүгүртүүдөгү үчүнчү өлкөлөрдөн чыккан товарлардын да эркин кыймылын карайт.
Ал эми Бирдиктүү экономикалык аймакта рынок принциптерине шайкеш келтирилген укуктук нормаларды колдонууга негизделген экономиканы жөнгө салуунун бир типтүү механизмдери иштейт. Алар бирдиктүү инфраструктурасы бар товарлардын, кызматтардын, капиталдын, жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылган макулдашылган салык, акча-кредит, валюта-финансылык, соода жана бажы саясаты жүргүзүлөт. Бирдиктүү экономикалык аймак 2015-жылдын 1-январынан тартып Бажы биримдигинин алкагында иштей баштайт.
Товар көп жүгүртүлсө, киреше өсөт
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан дүйнөлүк соода уюмунун 140тан ашык өлкөлөрү менен соода мамилелерин жүзөгө ашырган. Өлкөбүздүн тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн салыштырма салмагы – 40,7%ды түзгөн. Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндөгү эң чоң салыштырма салмакты Россия Федерациясы – 27,1%да, андан кийин Казакстан – 11,9 пайызда ээлеп турат. Азырынча Беларусия менен товар жүгүртүү – 1,6% гана болууда. Бул көрсөткүч Бажы биримдигине кирүү менен дагы өсөт. Жогорудагы көрсөткүчтөрдөн эле бизге Бажы союзуна мүчө болуу керек экени көрүнүп турат. Деги эле ББга кирген учурда экспортко багытталган товарлардын атаандашууга жөндөмдүүлүгү жакшырат. Атай кетсек, баарынан мурда айыл чарба продукциялары (мөмө-жемиштер жана жашылчалар, мал чарба продукциялары, сүт азыктары), текстиль-тигүү продукциялары жана башка өнөр жай товарлавы.
Ал эми ББ өлкөлөрүнөн импорттолуучу ун, буудай, кант, өсүмдүк майы, маргарин, гречка, акшак, ар кандай консерваланган продуктулар, кондитердик азыктар, балык жана башка товарларга Кыргызстан менен бажылык чек ара, башкача айтканда, бажылык тариздөө жоктугунан улам баалар арзандашы мүмкүн.
Чет өлкөлүк байланыштар кантет?
Алыскы чет өлкөлөрдөн импорттолуучу (тиричилик техникалары, тигилген буюмдар, оргтехникалар жана башка негизинен биринчи кезекте керектелбей турган) товарларга болгон баалар кымбатташы күтүлөт. Бирок, чет өлкөлөр менен болгон мамилелер мурдагыдай бойдон кала берет. Айрымдар айткандай, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен көз карандысыздыгын жоготпойт. Анткени, ББ товарлардын өтүү маселелерин гана жөнгө салат. Алар – бажылык башкаруу, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптар, техникалык регламенттер. Биз ББнын шылтоосу менен ушул иштерди жөнгө салып алсак, анда айрым товарларыбызды жана айыл чарба продукцияларыбызды чет өлкөлөргө да экспорттоого мүмкүнчүлүк алабыз. Кандай гана болбосун, Кыргызстанга өнүгүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Болгону Бирдиктүү бажылык тариф улуттук деңгээлдегиден жогорку деңгээлде кабыл алынат, бирок тараптар менен макулдашылат. Калган маселелердин бардыгын өлкөбүз өзү чечет. Тактап айтканда, бардык мыйзамдар, ченемдик укуктук актыларды Кыргызстан өз аймагында өзү кабыл алат. Дүйнө өлкөлөрү менен да өзү каалагандай байланыштарын жүргүзө берет.
Ири базарлардын иши илгерилейт
Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн бажы чек араларынын бекемделишине байланыштуу, кыргыз-казак чек араларынан товарларды өткөрүү кыйындаганы белгилүү. Буга жараша “Дордой” жана “Кара-Суу” ири базарларындагы соода дээрлик токтоп калды. Эгерде ушул бойдон уланып кете бере турган болсо, анда Кытай, Түркия, Бириккен Араб Эмираты менен Кыргызстан аркылуу (“Дордой”, “Кара-Суу”,”Мадина” базарларынан) Бажы биримдигинин өлкөлөрүнө (Казакстан, Россия) түзүлүп калган соода коридорлору жок болуп кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан, ББга кошулууда базарлардын иши жакшырып кетиши мүмкүн. Акыркы кезде базарлардын өкүлдөрү Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн тездетүүнү суранышкан. КР Улуттук банкынын эсептөөлөрү боюнча товарларга болгон баалар жалпысынан 15-20 пайыз жогорулашы мүмкүн. Муну менен бирге ББга кошулуудан оң өзгөрүүлөр болот. Сатып өткөрүү рыноктору кеңейет. Соода, анын ичинде чек арага жакын жерлердеги соода жүгүртүү жакшырат. Экономиканын экспортко багытталган тармактарынын атаандаштык жөндөмдүүлүгү өнүгөт. Мунун бардыгы жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын иш менен камсыз болуу абалын жакшыртууга (айлык акыларды, социалдык төлөмдөрдү мүмкүнчүлүгүнө оң таасирин тийгизет), ББнын өлкөлөрүнөн Кыргызстанга зарыл болгон товарларды (күйүүчү-майлоочу майларды, тамак-аш продуктуларын, жыгач, металл ж.б.) импорттоодо тоскоолдуктарды жоюуга же азайтууга көмөк көрсөтөт.
Мүчөлүктүн артыкчылыктары
Биринчи кезекте соода үчүн бажы чектери (чек аралары) жок шарттар түзүлөт. Демек, чек арада бажылык каттоо болбойт. Кыскасы, ББнын чек араларында формалдуулуктарды, жыйымдарды жана бажылык көзөмөлдү жокко чыгаруу, ошондой эле транзиттин эркин болушу тышкы соода иштеринин катышуучуларынын чыгымдарын кыскартат. Жыйынтыгында, республиканын дүң рынокторунун иши үчүн пайдалуу шарттар түзүлөт.
Кыргызстанга инвестициялардын келиши көбөйөт деп болжолдонууда. Аны менен ири долбоорлор ишке ашырыла баштайт. Инвесторлор ББ өлкөлөрүнөн гана эмес, Кытай, Түркия, Корея жана башка мамлекеттерден да келет. Анткени, алар үчүн бажы алымдарысыз жана тоскоолдуктарсыз ири рынок ачылат.
Ошентип, Кыргызстандын ББга жана БЭМге мүчөлүгү ал өлкөлөрдөгү биздин жарандардын эмгек миграциясын жүзөгө ашырууга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет. Анткени, ББга мүчөлүк – БЭМге интеграциялоонун тепкичи болуп саналат.
Албетте, 23-декабрда болуучу президенттердин тиешелүү келишимдерге кол коюуларынан кийин эле дароо чек аралар ачылып, сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыз эркин жүрүп калбайт. КР Экономика министри Темир Сариевдин билдиргенине караганда, ошол келишимдерди ББга жана БЭМге мүчө болгон өлкөлөрдүн бардыгы өз парламенттеринде ратификациялашкан соң гана күчүнө кирет. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин “чек аралар 1-майдан баштап ачылат” дегени ушундан улам айтылган.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Комментарий кошуу