Балдардын тамак-ашын уюштуруу демилгеси дем-күчкө муктаж
КР Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы «КР жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына, ошондой эле КР Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна ылайык, ошол жылдын 1-сентябрынан башталгыч класстардын окуучуларына күнүнө бир маал мектеп тамак-ашы тартууланып келет. Алгач окуучунун бир күндүк тамагына 5 сомдон бөлүнсө, ал эми 2008-жылдан – 7 сомдон (бийик тоолуу аймактарга – 10 сомдон) бюджеттик каражат каралууда.
Өсүп келе жаткан жаш муундардын чың ден соолугуна жана алардын талаптагыдай билим алып, үй-бүлөлүк бакубаттуулукка жетишүүлөрү үчүн ишенимдүү негиз боло баштаган аталган маселе ошондой эле өлкөдөгү жалпы билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык колдоонун өбөлгөлөрүнүн бири болуп да саналат.
Учурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондусу тарабынан «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты илгерилетүү» долбоору көтөрүлүп, олуттуу бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында максаттуу иш-чаралар турмушка ашырыла баштады.
Жакында аталган фонд жана анын ишкер өнөктөшү – Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы тарабынан Ысык-Көл облусунун борбору – Каракол шаарынан 7 чакырым алыстыктагы табияты кооз «Каракол» капчыгайында, кийинки учурлары Эл аралык мааниге ээ боло баштаган «Каракол» тоо-лыжа базасы аймагында жайгашкан эс алуу борборунда республиканын бардык аймактарынан чакырылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрү үчүн уюштурулган 2 күндүк окутуу семинары дал ушул максатты көздөдү.
ТАТЫМДУУ ТАМАК – ТАБИТТИ АЧАТ
Максаттуу иш-чаранын катышуучуларына алгач «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фондусунун координатору Р.Кайыкова, БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Н.Франк жана М.Эльжуркаев мектеп тамак-ашын колдонуу жана анын натыйжалуу тыянактары боюнча Эл аралык жана жергиликтүү тажрыйбаларды адистер тарабынан жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен көрмө-тасмалардын коштоосунда тааныштырып, арбын соболдорго ынанымдуу жоопторду беришти.
Чындыгында эле, өлкө келечегин ойлогон көп мамлекеттерде бул маселеге олуттуу көңүл бурулуп, кыйла өлчөмдөрдөгү каражаттар бөлүнгөнүнө карабастан, ага жергиликтүү бийлик органдары, коомдоштуктар жана ата-энелер да өздөрүнүн сезилээрлик салымдарын кошуп, натыйжада – башталгыч класстардын окуучулары татымдуу тамак-аш менен жетиштүү камсыз болуп, алардын кең келечектерине бекем пайдубал түзүлүүдө.
Ал эми бюджеттик каражат тартыш болгон республикабызда, статмаалыматтар боюнча, учурда башталгыч класстарда билим алган 400 000 окуучунун мектеп тамак-ашына жылына 475 млн. сом каражат бөлүнөт. КР Өкмөтү 2011-жылы бул жааттагы маселеге колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен акыркы 45 жылдан бери иш-аракеттери дүйнө жүзүндө жогору бааланып келе жаткан БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасына кайрылуусу 2013-жылы колдоого ээ болуп, аталган Программа өлкөбүздө иш жүргүзө баштаган. Программанын иш-тажрыйбасы көрсөткөндөй, мектеп тамак-ашы уюштурула баштагандан кийин Индияда 30 пайыз окуучулардын организминдеги темир жетишсиздиги төмөндөсө, Улуу Британияда балдарды мектепке тартуу көрсөткүчү 14 пайызга өскөн. Ал эми үчөөнүн бири семирип кетүү «илдетине» тушуккан АКШда бул коркунуч деңгээли төмөндөө багытын алган. Кыргызстандык ата-энелер мектеп тамак-ашы бериле баштагандан бери балдардын көңүлдөрү ачылып, окууга болгон ынтызарлыктары жогорулагандыгын белгилешет.
«МИҢ УККАНДАН…»
Иш-чаранын катышуучулары учурда БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы тарабынан сынамык (пилоттук) катары республика боюнча камкордукка алган 134 мектептин катарына кирген Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорундагы айрым айылдык билим очокторунда болуп, алардагы мектеп тамак-ашын уюштуруудагы иш абалы менен жакындан таанышты.
Ак-Суу районундагы Ж.Ашубаев жана А.Айтбаев атындагы, ошондой эле Жети-Өгүз районундагы К.Саалиев жана Э.Кендирбаев атындагы орто мектептеринин жетекчилеринин айтымында, алардын аталган долбоорго кирүүлөрү үчүн жергиликтүү бийлик органдары, окуучулардын ата-энелери тарабынан тийиштүү колдоолор көрсөтүлүп, эки тараптуу андай алакалар дале ийгиликтүү уланууда.
-Бизде ар бир окуучунун күнүмдүк тамактануусу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүп жаткан 10 сомго ата-энелердин демилгеси менен айына 80 сомдон каражат жана 2 килограммдан кургатылган жер-жемиштер кошулуп, натыйжада, каражат окуучуларды татымдуу тамак-аш менен камсыздоого жана ашпозчуларга да татыктуу маяна төлөө мүмкүнчүлүгүн түзүүдө,- дейт Жети-Өгүз районундагы К.Саалиев атындагы орто мектебинин директору Н.Иманакунов. – Мындан сырткары ар жуманын шаршембиси – «Ата-энелер күнү» деп аталып, ал күнү окуучулар мектеп ашканасынан өз ата-энелери менен бирге эттүү тамак-аштын даамын сызышат. Албетте, БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы тарабынан берилген ашкана жабдуулары жана байытылган ун – ишти илгерилетүүдөгү ишенимдүү таяныч болууда…
Башталгыч класстардын 146 окуучусу күнүнө бир маал тамактанган Ак-Суу районундагы А.Айтбаев атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрайымы К.Маанаева мектеп тамак-ашын уюштурууга Каракол айыл өкмөтү, ата-энелер жакындан жардам берип жатышкандыгын баса белгиледи. Анын маалыматына караганда, айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринен мектепке 30 сотых жер аянты бөлүнүп, ал жерге картошка өстүрүлүүдө. Ал эми ата-энелер тарабынан ар бир окуучунун күндөлүк тамак-ашына айына 70 сомдон кошумча каражат чогултулуп, натыйжада, тамак-ашты күндө түрлөнтүп, сапатын жогорулатууга шарт түзүлгөн…
Учурда аталган долбоорго кирүү аракетин көрүп жаткан Жети-Өгүз районундагы Даркан айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы орто мектебинде айыл өкмөтүнүн жардамы менен мектеп ашканасы оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлүп, суу киргизилип, газ баллону сакталуучу жай камдалып… кыскасы, окуучулардын талаптагыдай тамактануусу үчүн бардык шарттар камсыздалууда. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы В.Бейшебаева билдиргендей, ата-энелер да бул маанилүү иштен эч убакта четте калбайт…
«ЖАКШЫ СААМАЛЫК ЖАЛПЫГА ЖАЙЫЛСА…»
БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Нурбек Абабакиров долбоор учурда республика боюнча 134, анын ичинде облуста 20 мектеп менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын билдирди. Азырынча долбоорго Ак-Суу районунан – 9, Жети-Өгүз районунан – 11 мектеп кирген. Долбоорго мектептер Программа тарабынан иштелип чыгып, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган, 12 пункттан турган атайын критерийлер алкагында тандалат. Конкурстан ийгиликтүү өткөн мектептердин ашканаларына наркы 4000ден – 8000ге чейинки АКШ доллары менен бааланган жабдуулар жана ар бир окуучуга күнүнө 60 грамм өлчөмүнө эсептелген байытылган ун азыгы менен камсыздалат. Долбоор менен камтылган облустагы 20 мектеп ашканалары бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 123 000 сомдук ашкана жабдуулары жана 37 тонна байытылган ун азыгын алган. Ал эми мектеп ашканаларын талаптагыдай абалга келтирип, аларды суу менен камсыздоо, идиш-аяктарды сатып алуу максаты үчүн облустагы жергиликтүү бийликтер тарабынан 1,5 млн. сом өлчөмүндөгү каражат жумшалды…
-«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду республикада өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүп жаткан БУУнун Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы менен тыгыз өнөктөштүктө, натыйжалуу иш алып барууда,-дейт аталган фонддун координатору Роза Кайыкова.
Бул максатта фонд кызматкерлери тарабынан буга чейин өлкөнүн ар кыл аймактарында жергиликтүү бийлик органдарынын жана коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусунда 18 окутуу-тренингдери өткөрүлүп, республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин алып барышкан.
-Жакшы саамалыкты жалпыга жайылтып, аны ийгиликтүү улантуу максатында учурда Фонд уюштуруучусу, экс-президент Р.Отунбаева тарабынан тынымсыз аракеттер көрүлүүдө,-дейт Р.Кайыкова. – Мисалы, жакында республикадагы банктардын, чакан насыяларды берүүчү компаниялардын жана АРИС программасынын жетекчилери менен тегерек стол өткөрүлүп, анда алардын көңүлдөрү аталган маселеге бурулду.
Мен да жакында өзүм тургуну болуп саналган Ысык-Көл районунда болуп, район жетекчилери, бир катар айыл өкмөт башчылары, эс алуу жайларынын жетекчилери менен жолугуштум. Өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгы, буюрса, алдыдагы жаңы окуу жылында билинет. Анткени, жылдык бюджеттери 20-30 млн. сомду түзгөн айрым айыл өкмөттөрү өз аймактарындагы мектептерге жүз бурмак болушту…
Албетте, келечек муундар маселеси бардыгыбызды эле түйшөлтөт. Бул максатка каражат жумшоодон качкандар деле сейрек. Тек гана бул жааттагы иштерди туура уюштуруп, координациялоо маселеси «аксоодо». Бул ишти социалдык-экономикалык маселелерди иргөөгө алып келе жаткан КР Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык комиссия (төрайымы – КР вице-премьер-министри Э.Сариева) колго алса туура болоор эле. Керек болсо, бул маселени жергиликтүү жетекчилердин иш-аракеттерин баалоо критерийлерине да бир пункт кылып киргизип койгондо – жогорудагы демилге дем-күч алып, иш да натыйжалуу болмок…
P.S. Жакында Көл кылаасындагы айылдардын биринде чакан бир уруу өздөрүнүн тек аталарына куран окутушуп, 11 баш жылкы союп, «Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык» кылып, бир күн тойлоп таркашты… Ал эми ошол айылдагы ошол эле уруудагы адамдардын балдары окуган мектепте башталгыч класстардын окуучулары күнүнө 1 чыны карандай чай ичип, 1 даана таттуу нан жешет…
Эгемберди САДАБАЕВ, Ысык-Көл

Комментарий кошуу