Бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү демилгеси жактырылды
Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында депутаттар тобу тарабынан бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору жактырылды. Демилгечилердин бири депутат Төрөбай Зулпукаров 2014-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 7 бала бакчанын курулушу пландалса, иш жүзүндө 1 гана бала бакча курулганын эске салып, өлкө боюнча жалпы муктаждыкты жоюу үчүн жок дегенде 2500 бала бакча керек экенин билдирди. «Ушу тапта балдардын 17 пайызы гана бала бакчада тарбыяланат. Бул жетишсиз. Жеке менчик бала бакчаларга салыктык жеӊилдиктерди берүү зарыл. Ансыз бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес», – дейт ал. Жыйын жүрүшүндө бул маселе КР Президенти тарабынан көтөрүлгөнү, ошондон улам мыйзам долбоорунун демилгечилери жеке менчик бала бакчаларды 4 салык түрүнөн бошотуу сунуштап жатканы белгилүү болду: пайдадан салык, сатыктан салык, кошумча нарк салыгы, жер салыгы. Депутат Чыныбай Турсунбеков азыр жеке менчик бала бакчалар бизнеске айланып калганын, эгер салык жеӊилдиктер бериле турган болсо, анда мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга да ошондой эле жеӊилдиктерди кароо керектигин айтты. Анын пикиринде, балдар мекемелерин өз ара салыктык жиктештирүү социалдык теӊсиздикке алып келип, анын негизги принциптерине доо кетирет. Талкуу жыйынтыгында мамлекеттик бала бакчаларга да, жеке менчик бала бакчаларга да бирдей жеӊилдиктерди кароо чечимине келишти. Мындай сунушка КР Өкмөтүнүн, Экономика жана Билим берүү министрликтеринин, Салык кызматынын өкүлдөрү да макул болду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери айтылган сунуштарды экинчи окуу учурунда эске алууга убада берди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу