Азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан чыгарылган товарларды мамлекеттик мекемелердин сатып алуусу милдеттендирилген тиешелүү мыйзам аткарылбай жатат
Жогорку Кеӊештин бүгүнкү 18-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасында адам укуктары менен болгон кырдаал жөнүндө маселеге арналган “Өкмөттүк күн” өтүп жатат. Жыйынга вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев менен Элвира Сариева баштаган өкмөт мүчөлөрү менен мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдар менен жарандык коом өкүлдөрү, адам укуктары боюнча адистер менен эксперттер катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан өндүрүлгөн товарларды мамлекеттик мекемелер тарабынан сатып алуулар жүргүзүлбөй жаткандыгын, бул боюнча кабыл алынган мыйзамды, Жогорку Кеңештин токтомун КР өкмөтү аткарбай жатканын Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров сынга алды.
КР Вице-премьер-министри Элмира Сариеванын айтымында, өткөн жылы Азиздер жана дүлөйлөр коому тарабынан чыгарылган товарларды сатып алып, бир катар укук коргоо органдары тарабынан акчасы төлөнбөй калган. Буга байланыштуу алгач карыздарды төлөө тапшырмасы коюлган. “Ошентсе да, айрым өндүргөн товарларды аз-аздан болсо дагы сатып алып, тапшырма жарым-жартылай аткарылган”,-дейт Э.Сариева.
Суроо-жооп уланууда.


Комментарий кошуу