Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Айдаралиев 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчет берди
Кечээ, 18-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдыга койгон милдеттенмелеринин аткарылышын текшерди.
Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев, «Айыл чарбасын каржылоо – 2» долбоорун ишке ашыруу алкагында калкка берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 5 млрд 175 млн 700 миң сомду түзгөнүн билдирди.
Ошондой эле, министрдин айтымында, кылкандуу дан эгиндери толугу менен жыйналып бүттү.
«Кылкандуу дан эгиндеринин дүң түшүмү 835 миң тоннаны түздү. Жазгы жана жайкы суу тартыштыгына, кургакчылыкка байланыштуу орточо түшүмдүүлүк өткөн жылга салыштырмалуу төмөн болду. Буурчак өсүмдүктөрү 61 миң га аянттан жыйналып алынды. Анын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 16,3 центнер жыйналган, же өткөн жылдык көрсөткүчтөн 1,6 ц аз, ал эми дан эгиндеринин дүң түшүмү 99,7 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдагыдан 10,6 миң т жогору эсептелет, анткени үстүбүздөгү жылы айдоо аянтынын көлөмү 11,1 миң га көбөйтүлгөн», — деп маалымдады министр.
Т.Айдаралиевдин айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 айында республиканын бардык категориядагы чарба жүргүзүүчү субъектилери тарабынан 300 миң тонна 700 кг эт өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 миң тоннага көп болуп саналат.
«Этти өндүрүү негизинен «Айыл чарбасын каржылоо – 2» долбоорунун ишке ашырылышына байланыштуу мал башынын көбөйүшүнө байланыштуу орун алган. Республиканын бардык облустары өткөн жылга салыштырмалуу этти көбүрөөк өндүргөн. Сүт өндүрүү көлөмү 1 млн 251 миң тоннага жетип, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,2 миң тоннага көп эсептелет. Сүт өндүрүү бардык аймактарда жогорулаган», – деди ал.

Комментарий кошуу