Жогорку Кеңеште өлкөдөгү жол кыймылын, автомашиналардын техникалык абалын жөнгө салууга багытталган «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзам каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, бул мыйзам аркылуу автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү талабы коюлууда. Анткени, Бажы биримдигинин курамына кирген өлкөлөрдө ушундай талап бар.

«Жаӊы автоунаалар жети жылга чейин техникалык кароодон өткөрүлбөйт, ал эми калган автомобилдер жыл сайын өтүп турат. Анткени, Кыргызстанда автокырсыктардын саны кыйла өсүп кетти, бузулган машиналар экологияны булгап жатат», – деди ал.

Депутаттар Сайдулла Нышанов, Данияр Тербишалиев, Абдыманап Кутушев, мындай талап мурда болгонун, бирок техникалык кароо жаатындагы чаралар коррупцияланып кеткендигинен улам, ал алынып салынганын эске салуу менен, өз кесиптештерин мыйзам долбооруна колдоо көрсөтпөөгө чакырды. Алардын пикиринде, мындай талап кайрадан коррупцияны пайда кылып, калкты ашыкча чыгымга алып келет.

Депутаттар бул маселени добуш берүү аркылуу чечүү чечимине келишти.