Алайкууга ун жеткирилүүдө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Жардам көрсөтүү” жөнүндөгү №1062 Буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу материалдык резервдик фондусунан бөлүнгөн унду Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагына 50 тонна жана Кызыл-Жар айыл аймагына 100 тонна унду жеткирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 3 даана КамАЗ жана 3 даана Хово унаалары бөлүнүп, 2015-жылдын 8-январында 60 тонна ун жүктөшүп жолго чыгып кетишти. Эскерте кетсек, буга чейин Алайкуу өрөөнүнө 70 тонна ун жеткирилген.


Комментарий кошуу