Ld_oc8m50DU

Сомго жасалган чайкоочулуктан улам Улуттук банк төрагасы акча алмаштыруучу бюролорду жабуу ниетин билдирген. Азыркы тапта борбор калаа жана өлкөнүн ири шаарларында кадам сайын орун алган акча алмаштыруу жайларын толук жабуу мүмкүнбү, дегеле жалпы канчасы иш алпарат, эгер УБ бул максатын ишке ашырса, жагдай кандай нукка түшөт, булар туурасында пикирлерди тыңдап көрдүк.

Улуттук банктын банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди инспекциялоо бөлүмүнүн башчысы Жылдыз СУЛАЙМАНБЕКОВА акча алмаштыруу бюролорун жабууга даярдык көрүлүп жатканын билдирди:

– Өлкөбүздөгү акча алмаштыруу бюролору Кыргызстандын негизги шериктеш мамлекеттериндеги саясий жана экономикалык окуяларга байланыштуу баш аламан кырдаалдан пайдалана жасалма ажиотаж жаратып, чет элдик валютага болгон суроо-талаптын көтөрүлүшүнө алып келген аракеттерге барып, доллар менен евронун кунун негизсиз жогорулатышкан. Муну менен пайда табууну көздөгөн акча алмаштыруу бюролору өлкө экономикасына, алтургай, ар бир жарандын турмушуна зыян келтирип жаткандарын эске алышкан эмес. Ушундай жагдай бул рыноктогуларга көзөмөлдү күчөтүү, валюта рыногунун катышуучуларынан өз убагында анык маалымат алып туруу, валюта рыногундагы курстардын туруксуздугун жөндөө, чет өлкө валютасынын улуттук валютага негизсиз жогору же төмөн курсун коюу фактыларын болтурбоо жана кардарлардын укуктарын коргоо боюнча кескин чараларды көрүү зарылчылыгына алып келди.

– Мындай сунуш качантан баштап жүзөгө ашырылат?

– Азыркы убакта Улуттук банк тарабынан “Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө” жана “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор даярдалып, коомдук талкуулоого коюлганы жатат. Долбоорго ылайык, акча алмаштыруу операциясы банктык операция болгондуктан, ал операцияларды жүргүзүү укугу коммерциялык банктарга жана башка финансылык уюмдарга ыйгарылат.

– Өлкөдө канча алмаштыруу бюролору иштейт?

– 2014-жылдын 30-ноябрына карата Кыргыз Республикасында Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган 320 акча алмаштыруучу бюро катталган. Алар тарабынан чет өлкө валюталары менен иш алып баруу жөнүндө Улуттук банктын талаптары Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларында чагылдырылган жана Улуттук банктын текшерүүлөрүнүн чегинде көзөмөлгө алынат. Ошондон улам, акча алмаштыруу бюролору мыйзам чегинде жана ачык айкын иш алып баруусу өтө маанилүү.

– Акча алмаштыруучу жайларга лицензия УБ тарабынан берилет эмеспи. Чайкоочулук жасагандарын таап, лицензияларын тартып алууга мүмкүнбү?

– Улуттук банк өзүнүн көзөмөл жүргүзүү функциясын аткарууда лицензия алган финансы рыногунун бардык объектилерине, ошондой эле акча алмаштыруу бюролоруна да тынымсыз мониторинг жүргүзөт. Алардын ишин мыйзамдык нормаларга ылайык текшерүү Улуттук банкка чайкоочулук аракеттерди жана ажиотаждык таламды убагында токтотууга мүмкүндүк берет. 2014-жылы Улуттук банк тарабынан алмаштыруу бюролоруна 1217 текшерүү жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгы боюнча алмаштыруу бюролоруна 16 эскертүү жана 228 буйрук жөнөткөн. Ошондой эле 130 бюронун лицензиялары убактылуу токтотулуп, 16 алмаштыруу бюронун лицензиялары алынган.

Кеп учугун улай, “РСК банктын” башкармалыгынын төрагасы Эркебай МУРЗАБЕКОВдун да пикирин уктук:

– Улуттук банктын акча алмаштыруу бюролоруна болгон атайын талаптары бар. Эгер ал талаптар аткарылбаса, Улуттук банк алардын ишин жөнгө сала алат. Эл арасында ажиотаж болбосун, зарылгандар пайдалансын деген аракетте консигнация кылып, “РСК банк” жана “Айылбанкка” накталай доллар берилген. Бирок, биз Бишкек шаарын гана камтый алдык. Тилекке каршы, долларга зарылган эл эмес, чайкоочулук менен алектенгендер гана үч сааттын ичинде сатып алышты. Ошентип, консигнация өз максатына жетпей калды. Улуттук банк төрагасынын ордунда биз же сиз болгондо деле бул рынокто чайкоочулук жасалды деген ойго келмекпиз. Улуттук банктын акча алмаштыруучу жайларды жабуу туурасындагы позициясы менен макулмун. Себеби, алар лицензияны жеке керт башын гана ойлобостон, кардарларды тейлөө үчүн алышкан.

– Калк каражатын кайсы валютада сактоого кеңеш берет элеңиз?

– Кыргызстанда жашаган соң, улуттук валютада сакталганы оң.

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр-Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруу бюролорунда иштеген, бирок, аты-жөнүн жашырып, сүрөткө түшүүдөн да качып, өзүн болгону Алмаз деп атаган жигит доллардын курсунун жогорулашына коммерциялык банктарды айыптады. Анын айтымында, коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлардын иштеп турушун каалабайт. “Эгерде “обменкалар” жабылып, алардын функцияларын коммерциялык банктар аткарышса, валютаны сатуу менен сатып алуунун айырмасы жогорулайт. Мисалы, Москвада бир долларды сатып алуу 59 рубль болсо, сатуу 61 рубль турат. Бир доллардан 2 рубль пайда табышат. А биз ортодо 10 эле тыйындан табабыз” дейт акча алмаштыруучу жайдын өкүлү.

Кандай болсо да, Улуттук банк бул ирет акча алмаштыруучу жайларды бир силкинтти. Ал эми биз бул рыноктогу кырдаалга көз салууну уланта бермекчибиз.

Даярдаган Абдимухтар АБИЛОВ