Ак-Талаадагы мекеме, ишканалардын кызматкерлеринин ортосунда өткөн муз үстүндөгү спорттук мелдештен фоторепортаж
Улуттук экономиканы чыңдоо жылына карата Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мекеме-ишканалар аралык муз үстүндөгү спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Райондук дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулган муз үстүндөгү чана жарыш, коньки жарыш жана аркан тартыш оюндары боюнча мелдеште жалпы командалык эсеп менен райондук ички иштер бөлүмү 1-орунду, Баетов айыл өкмөтү 2-орунду жана өрт өчүрүү кызматы 3-орунду камсыздады.
Жеңүүчүлөргө 1-2-3-даражадагы дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, коньки жарышта Баетов айыл өкмөтү, аркан тартышта Нарын РИИБи жана чана жарышта райадминистрация 1-орунду ээледи.
Ошондой эле, мыкты оюнчуларга, активдүү катышкандарга жана чака чапмай, кар толтурмай оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар ыйгарылды.













Комментарий кошуу