А.Лукашенко кийинки шайлоодо да президент болорун жар салды
Белорусс президенти Александр Лукашенко ар кыл басымга туруштук берерин жана эгер кааласа кийинки шайлоодо да президент болорун жар салды. Бул тууралуу Лукашенко Москвадагы Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйыны боюнча журналисттерге маалымат берип жатып билдирди. Ал орусиялык айрым журналист жана саясат таануучулар 2015-жылы Белорусста президенттик шайлоо болгону үчүн аны өзгөртүү мүмкүн экенин айтканын, бирок бул туура эмес экенин кошумчалады:
– Лукашенко, кимдир бирөө тарабынан өзгөртүлө турган адам эмес. Мени белорусс эли гана өзгөртө алат. Бүгүн бүткүл дүйнө Лукашенкого каршы чыкса да, эгер ал кааласа, баары бир президент болот, – деди Белорусс өлкө башчысы.
Ошондой эле ал Белорусс менен Орусиянын мамилеси начарлады деген сөздөрдү четке какты.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу