А.Атамбаев: “Манас” эпосу кыргыз элинин эн белгиси, тарыхы жана кайталангыс руханий байлыгы
Быйыл, Саякбай Каралаевдин мааракесин белгилөө жылына карата КР УИАнын гуманитардык жана экономикалык бөлүмү (академик А.Акматалиев) жана Т.Мураталиев жетекчилик кылган “Турар” басмаканасынын демөөрчүлүгү менен чыгарылган Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” үчилтигин КР Президент жылуу кабыл алып, куттуктоо сөзүн жөнөткөн деп билдирет КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү.
Урматтуу мекендештер!
“Манас” эпосу кыргыз элинин эн белгиси, тарыхы жана кайталангыс руханий байлыгы. Татаал жолду басып өткөн элибиздин эркиндикке, эгемендикке умтулуусун, жаркын келечекке болгон зор үмүтүн чагылдырган улуу дастан.
Саякбай Каралаевдей залкар манасчы кылымда бир жаралат. Саякбай атабыз көчмөн турмушта, согуш алааматынын катаал шартында көөнөрбөс ыйык мурасты сактап, өркүндөтүп, бизге табыштап кеткен. Жалпы адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салымын кошкон.
Саякбай – кыргыз элинин сыймыгы. Дүйнө жүзү залкар манасчыны урматтайт жана анын ташкындаган талантына суктанат. “Манас” үчилтиги ЮНЕСКОнун чечими менен жалпы адамзатынын маданий мурасы деп таанылып, Саякбай Каралаев “XX кылымдын Гомери” деп аталган.
Мекендештеримди жакшы саамалык – Саякбай Каралаевдин “Манас” үчилтигинин толук басылмасы жарык көргөнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Манас атабыздын касиети кыргыз элине кайрадан кайтып келип отурат. Айкөл Манас атабыздын рухун ыраазы кылып, гүлдөгөн Кыргызстанды куралы.
Кыргыз Республиканын Президенти Алмазбек Атамбаев


Комментарий кошуу