2009-жылы Н.Түлеев турбазанын жанындагы басып алынган токой тигүү тилкелерин мыйзамдаштырууга буйрук берген, – Бишкек мэриясы
2014-жылга карата «Ак-Тилек Турбаза» калктуу конушунда 205 үй өз билемдик менен курулган. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
«Турбаза аймагындагы жашыл зонанын азыркы территориясы 2005-2007-жылдары өз билемдик менен басып алынып, үйлөр курула баштаган. 2009-жылы Нариман Түлеев, Бишкектин мэри болуп турганда, ыйгарым укуктуу кызматтарга «Ак-Тилек Турбаза» жаңы конушундагы парк зонасына тиешелүү жана жалпы пайдалануудагы жерлер макамы бар жер тилкелерин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча долбоорду иштеп чыгууга тапшырма берген», – деп айтылат мэриянын маалыматында.
«Бишкек башкы архитектура тарабынан, жеке турак жай үчүн пайдаланууга трансформациялоого жата турган тилкелер схемасы жана көрсөтүлгөн аймакты жалпы пайдалануудагы жерлер категориясынан чыгаруу максаттуулугу жөнүндө корутунду даярдалган. Бирок бул токой аянтына архивдик материалдар белгисиз себептер менен Бишкек башкы архитектурасында жок болууда», – деп белгилейт басма сөз кызматы.



Булак : Баракелде

Комментарий кошуу