14-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мүчөлөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын делегациясы менен жолугушат
Эртең, 14-ноябрда лидери Чыныбай Турсунбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын мүчөлөрү Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Коммунисттик партиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирет.
Жолугушуу 9-15те Жогорку Кеңештин имаратында, Чоң төгөрөк залда (7-кабат) башталат.
КСДПнын чакыруусу менен келген КЭР делегациясын Кытайдын Борбордук Комитетинин тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (вице –министр деңгээлинде) Чжоу Ли жетектейт.
Делегациянын Кыргызстанга иш сапары үстүбүздөгү жылдын 12-16-ноябрь күндөрүндө болот.
Иш сапардын жүрүшүндө Кытай делегация КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жана Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген фракция лидерлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.
Ошондой эле делегация Ош облусуна иш сапарын улантып, өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев менен да кезигишет.
Кытайлык делегациянын курамына КПК БК тышкы байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (вице- министр денгээлинде) делегациянын башчысы Чжоу Ли, КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чжау Лей, КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Бао Хун, КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ли Ин, КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын 3-секретары Ван Юе, КПК БК ТББ 6- башкармалыгынын эксперти Ван Фэн кирген.


Комментарий кошуу