Кадамжайда күйүүчү май ташып бара жаткандар кармалышты
Маалыматка караганда, 11-ноябрда саат 12:00 чамасында Сухрап Давранбеков аттуу Өзбекстандын жараны колго түшүрүлгөн. Анын КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааcы Райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Ал эми Ш.Зайлапор жогорудагы мыйзамсыз ташылып жаткан жүктү чыгаруу максатында укук коргоо органдарына акча сунуштаган.
Бул боюнча Кадамжай райондук прокуратурасы, Баткен ОИИБинин жана Кадамжай РИИБинин кызматкерлери тарабынан тийиштүү чаралар көрүлүүдө.
Булак: super.kg
Комментарий кошуу