Футбол. Азия кубогун ким утат?
Австралияда 16-ирет өтүп жаткан Азия кубогун талашууга 16 команда аттанган.
9 -январда топтордогу оюндар башталып, 20-январда чейрек финалга чыккан командалар аныкталды. Төрт-төрттөн 4 топко бөлүнгөн командалардан иргелип, экиден, жыйынтыгында 8 команда чейрек финалга чыгышты.
22-январда Түштүк Корея менен Өзбекстан турнирдин экинчи бөлүгүн баштап берет. Талаа ээлери Австралия Кытай курамасына каршы ойнойт. 23-январда Иран – Ирак жана аракеттеги Азия чемпиону Япония Бириккен Араб эмирлиги менен ойнойт.
Азия чемпиондоруна келсек Япония 4 ирет: 1992, 2000, 2004. 2011-жылдары жеңүүчү болгон. Сауд Арабия менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея 2 ирет, Израиль, Кувейт жана Ирак бир жолку чемпиондордон.
Австралия курамасы мурда Океания чөлкөмүндө ойноп келген. 2006-жылдан тарта Азия футбол конфедерациясына (АФК) өткөн.
Асан ЖУНУСОВ
Leave a Reply