карышкыр1

Нарында чет элдик мергенчилик коомдор тарабынан карышкырларды атууда көз боёмочулук орун алып жаткандыгын Нарын шаарынын тургуну Тазабек Мамыров билдирүүдө.

-Азыркы учурда чет элдик мергенчилик кылган фирмалар тарабынан атылган карышкырлар боюнча көзөмөл барбы? Бар болсо кандай негизде аткарылып жатат. Маселен алар түшкөн акчанын 35 пайызын алышат. Ал каражат өз максатына жумшалуусу же ал акчанын бир бөлүгүнө карышкырлар атылышы керек эле. Бирок жалган маалыматтар берилүүдө. Ошону менен катар алар айыл өкмөттөрдү тоготуп да коюшпайт,-дейт Т.Мамыров мырза. Мындай соболго өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов толук кандуу кошулбайт.

-Карышкырлар күч алганы белгилүү. Ушундан улам мен агенттиктин жетекчиси менен жолугуп келдим. Натыйжада учурда алар менен Коргоо министрлигинин биргелешкен тобу облуста иштеп жатышат. Ошону менен катар жаратылыш фондунан атайын карышкырларга каршы күрөш үчүн 15 миллион сом бөлө тургандыгын айтышууда. Ал эми аңчылык фирмалар чынында биз менен эсептешпей калышты. Себеби былтыркы жылы мурдакыдай жерди алууга сынак бизден эмес, агенттиктен өттү. Биз ал сынакка катышып, бирок нааразы болуп чыгып кеткенбиз. Эми быйыл Нарында өтсүн деп жатабыз,-дейт К.Асизов мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу