Жылуулук наркын так билесизби?
КР Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Нурбек Элебаев менен маек.
1-декабрдан тартып, электр энергияга жана жылуулук энергиясына болгон жаңы тарифтер кирди. Электр энергия боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жакшы эле жүргөнсүдү. Бул маселелердин тегерегинде КР Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин директору Нурбек Элебаевге кайрылдык.
– Жылуулук энергиясына болгон тарифтик саясатта социалдык тариф кандай эсептелет, анда, сиздин оюңузча кандай саясат жүргүзүүгө болот?
-Азыркы орто мөөнөттүү тарифтик саясат менен жылуулук энергиясына социалдык «керектөө ченемдери» киргизилген. Анда ал жылуулук энергиясын пайдалануу боюнча биринчи катталган кишиге 35 м2 жылытууга норма коюлууда. Дагы ар бир кийинки катталган кишиге 14 м2 жылытууну кошуу менен аныкталат. Мындай ченемдин чегинде керектеген учурда жылуулук энергиясынын социалдык тарифи 1 Гкал үчүн – 917 сом, аталган ченемден жогору болсо, башка тариф боюнча эсептелет жана ал 1557 сомду түзөт. Экинчи тариф – бул нарктын өзү.
Керектелген жылуулук энергиясын эсептеген учурда, ушул «керектөө ченемин» эске алуу менен керектөөчүлөрдү бөлүү натыйжа бербестиги иш жүзүндө көрүндү.
Мындай бөлүү жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн арасында көп сын-пикирлерди жаратты. Анткени, жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана администрациялоо өтө оор болуп жатат.
– Жылуулук энергиясына кандай бирдиктүү тарифти белгилөө керек?
-Жылуулук энергиясын эсептөөдө «керектөө ченеми» аркылуу керектөөчүлөрдү бөлүүдөн баш тартуу жана катталган адамдардын санына көз каранды болбогон бирдиктүү тарифти белгилөө керек.
– Өкмөт тарабынан жылуулук энергиясына кандай тарифтик саясат иштелип чыкты жана ал кандай принциптерге негизделди?
– Жылуулук энергиясына теңделген тарифтик саясатты жүргүзүү үчүн Өкмөт тарабынан жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясат иштелип чыкты. Жаңы тарифтик саясат үч жалпы принциптерге негизделет:
Биринчиден, жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу, берүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча бардык чыгымдар тарифтер менен жабылууга тийиш;
Экинчиден, жылуулук энергиясынын субсидиялоочу тарифи керектөөчүлөрдүн тобуна гана колдонулат;
Үчүнчүдөн, бардык тиричилик эмес керектөөчүлөргө (өнөр жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөргө) тарифтер жылуулук энергиясынын наркы менен эсептелет.
-Айтыңызчы, Кыргыз Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жылуулук энергиясына болгон жаңы тариф канча пайыз менен кайсы мөөнөткө чейин жогорулайт?
– Бул тарифтик саясат ишке киргизилген учурдан тартып, 2015-жылдын 1-апрелине чейин жылуулук энергиясына бирдиктүү тариф 1 Гкал үчүн 917 сомду түзөт, андан кийин жыл сайын орточо 20 пайызга жогорулап, акырындык менен 1 Гкал наркынын деңгээлине чейин жеткирилет жана 2017-жылы 1615,3 сомду түзөт.
Ушул тарифтик саясат 2015-жылдын 1-апрелинен тартып, жыл сайын орточо пайыз менен жогорулайт.
– Социалдык жактан муктаж болгондорго кандай жеңилдиктер каралган?
-Эгерде керектөөчү социалдык жардамга муктаж болсо, 2015-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча КР Социалдык өнүгүү министрлиги, Социалдык фонду тарабынан Финансы министрлиги, Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштелип чыга турган калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык коргоо боюнча механизмдердин чегинде жылуулук энергиясына болгон жеңилдетүүлөр берилет.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Leave a Reply