Жылдын мыктылары аныкталууда
Жашообуздун дагы бир жылы соңуна чыгып барат. Жыл ичинде эмне иш бүткөрдүк, кандай ийгилик жараттык, кайсы ой-максатыбыз ордунан чыкпай калды дегендей, артка кылчая карай турган сааттар жакын калды. Быйыл орундалбаган тилектер жаңы жылда орундалаар, ага чейин “атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, иши илгерилеп, калк кадырына жетишкен инсандарыбызды мурдатан уланып келаткан салтыбыз менен жылдын мыктысы катары аныктай баштадык.
Мыктыларды тандоо дагы уланууда. Мыкты деп табылгандарга Ардак дипломдор бул ирет баш калаабыздагы “Достук” ресторанында 26-декабрда саат 14:00дө башталуучу шаң-салтанатта тапшырылат жана сыйлык тапшыруу аземи республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.


Leave a Reply