гвардия
Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү тарабынан киргизилген “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоевдун айтымында, мыйзам долбоорунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, мурда Ички иштер министрлигинин карап келген Ички аскердик бөлүгүн, анын түзүмдөрү менен милдеттери Улуттук гвардиянын карамагына өткөрүп берүү жобосу камтылган.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА