отрав

Мындай мүмкүнчүлүк 2015-жылдын 27-январында күчүнө кирген саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташуу жөнүндөгү келишимдин негизинде пайда болду.

Аталган келишимге 2014-жылдын июнь айында президенттер Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы алдында өткөн стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку кеңештин 3-отурумунда кол коюлган.

Ага ылайык адегенде жыл сайын 25 адамга акысыз жардам көрсөтүлмөк. Президенттердин сүйлөшүүлөрүнөн кийин бул сан 100гө жеткен.

Натыйжада, Түркиянын ооруканаларына жаткыруу үчүн жогорку квалификациялуу жана заманбап технологиялуу медициналык жардамга муктаж бейтаптарды тандап алуу миссиясы өлкөбүздүн Саламаттыкты сактоо министрлигине жүктөлгөн. Бейтаптарды тандоодо калыстыкты камсыз кылуу максатында коллегиялык чечим кабыл алуу үчүн мекемелер аралык комиссия да түзүлгөн. Комиссиянын алгачкы отуруму бүгүн, 10-февралда өткөрүлөт. Комиссия тандаган бейтаптардын документтери макулдук алуу үчүн Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кароосуна жөнөтүлөт.

Түркияда дарылануу жол кире чыгымдарын эске албаганда акысыз болот.