Комондор ити да бир нече кылымдан бери белгилүү. Абдан акылдуулугу менен айрымаланат. Баасы 1800 долларга чейин турат.

Комон

 

Бишон фризе – Францияда өстүрүлүүчү декоративдүү ит.Баасы 500дөн 1500 долларга чейин турат.

Бишон

Англиялык бульдог –XIX кылымда Англияда пайда болгон, аны англиялык ак сөөктөрдүн визиттик карточкасы десе болот. Күчүгүн 600-2500 долларга сатып алса болот.

Англиялык

Норфолк-терьер – Англияда пайда болгон кичинекей аңчы иттер. Абдан сулуугу, ак көңүлдүгү жана чыдамкайлыгы менен белгилүү. Балдарга өтө ынак бул итти 2500 долларга сатып алууга болот.

Норфолк-

Салюки же перси тайганыбиздин доорго чейинки 450 жыл мурда эле белгилүү болгон.Абдан сымбаттуу, тил алчаак жана сүйкүмдүү бул иттин баасы 2500 долларга чейин турат.

Салю

Кинг чарльз спаниель –XVI кылымда аргындаштыруу жолу менен алынган.

Адегенде англиялык аристократтар багышкан, кийин бүт дүйнөгө тараган бул ит үй бүлөгө өзгөчө балдарга абдан ылайыктуу. Баасы 800-2500 доллар.

Кинг чарль

Карышкырдан тараган иттин бул тукуму бир кылымдан бери белгилүү. Аңчылыкка. Мал кайтарууга жана короочулукка абдан ылайыктуу. Баасы 1600 долларга чейин.

Чау

Чунцин – Кытайда сейрек кездешүүчү иттин тукуму.

Кытай ак сөөктөрү гана кармоочу бул ит 20 жылга чейин жашайт. Баасы 3500 долларга чейин турат.

Чунцин1

Ирландиялык бөрүбасар дүйнөдөгү сөөктүү иттердин бири. Абдан чоң, чыдамкай жана эр жүрөктүгү менен айрымаланган бул иттин баасы 2800 долларга чейин.

Ирландиялык

Даярдаган Атай АЛТЫМЫШЕВ