Жумгал РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү «Камкордук» иш чарасын башташты (фото)
Нарын облусунун Жумгал РИИБнын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө испекторлору (ЖОИИ) 2014-жылдын 12 ай ичинде аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Анда жергиликтүү орто мектептерде окуучулар жана мугалимдер менен катар ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жылдык отчетторун беришти. Ошону менен бирге эле 2015-жылдын 19-январынан 24-январына чейин Жумгал районунда «Камкордук» (Забот) аталыштагы ыкчам алдын алуу иш чарасын башташты.
Бул иш чаранын максаты өспүрүмдөр арасында кароосуз калган, окубай жана ичип жүргөн, селсаяк, оор жумуштарда иштеген өспүрүмдөрдү кылмыш иштерине барууда алдын алуу жана коомго тартуу болгон. Бул иш чаранын биринчи туру Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында болуп ага мектеп директорлору, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Leave a Reply