ЖАПАРОВ1
Коомчулукта көптөгөн кайчы пикирлерди жаратып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китебиндеги айрым аткаминерлерге карата айтылган айыптоолор боюнча Башкы прокуратуранын баяндамасы бүгүн парламенттин жалпы жыйынында окулат. Төрага Асылбек Жээнбеков өткөн аптада башкы көзөмөл орган китептеги маалыматтардын чын-төгүнүн аныктап, күнөөлүүлөрдү жазалоо керектигин, эгер фактылар тастыкталбаса, Жапаровдун өзүн жоопко тартуу маселеси көтөрүлөөрүн билдирген.
Ушу тапта Варшавада жашап жаткан Садыр Жапаров өзүнүн “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде өлкөдөгү бир катар таасирдүү адамдардын тымызын иштери тууралуу жазган. Китеп алгач интернетте жарыяланган. Андан соң,  Бишкекте миң нускада басылып чыгып, коомчулукка таратылууда.
Динар ТУРДУГУЛОВА