Жумакадыр Акенеев: “Кедей өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылышы Кыргызстандын макамын көтөрөт”
Президент Алмазбек Атамбаевдин республикалык телеканалдарга берген маегин комментарийлеген экономика илиминин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев: “Бүткүл дүйнөлүк Банктын Кыргызстанды кедей өлкөлөрдүн тизмесинен чыгаруу өлкөбүздүн макамын көтөрөт”,- дейт.
Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, Кыргызстан үчүн Бүткүл дүйнөлүк Банктын бул чечими зор мааниге ээ. “Мындай чечимге алар жөн жеринен келген жок. Сыягы атайын адистер калкыбыздын социалдык абалына, өлкө экөномикасынын өсүмүнө анализ жүргүзүшүп, ошол изилдөөлөрдүн негизинде Бүткүл дүйнөлүк Банктын тизмесиндеги кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алышкан”,- дейт Жумакадыр Акенеев.
“Мамлекет алдыга карай кадам таштоодо, калкыбыздын турмуш деңгээли акырындап өнүгүүдө жана жакшырууда. Маселен, расмий маалыматтар боюнча, республикада 1 миллиондон ашык автомашина, 9 миллион уюлдук телефон катталган. Бул көрсөткүчтөр боюнча КМШ өлкөлөрүнүн эң алдыңкы сабындабыз. Курулуш тармагыбыз да өнүгүп жатат. Булардын баары калкыбыздын жашоосу оңолгондугунун белгиси. Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылгандыгына карабастан, бизге кредит, грант, инвестициялар келе берет. Анткени, калкыбыздын социалдык абалы тегиз жакшырып кеткен жок”,- деп эсептейт эксперт. Мындан тышкары, бул жагдай өлкөбүздүн макамын көтөрөт, эми эл аралык финансы уюмдары жана башка өлкөлөр Кыргызстан менен эсептешет деген пикирде.
“Kabar Press” мамлекеттик маалымат кызматы


Leave a Reply