Тоң районунда 7-ноябрь күнү катталган жол кырсыгында буга чейин айтылгандай 2 адам эмес, 5 адам каза тапты. Маалыматты 10-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Балыкчы-Бишкек жолунун 29-чакырымында Гольф жана Мерседес-500 автоунаасы кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Гольф автоунаасынын ээси, 1974-жылы туулган Орозбек Аманов, анын 1971-жылы туулган эжеси Рыскан Молдоева, 1962-жылы туулган эжеси Анаркүл Молдоева, кайненеси Үмүт Бейшебаева жана 4 жаштагы Даниэль Алмазбеков каза тапкан. Учурда жол кырсыгынын себептери боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак: super.kg