судьял2015-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жана жергиликтүү сотторунун 2014-жылга карата иши жөнүндө Жогорку Соттун Пленумунун отуруму өткөрүлдү.

Пленумдун отурумунда Кыргыз Республикаснын Жогорку Сотунун төрагасы Ф.Жамашеванын маалыматы, Жогорку Соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө соттук коллегиясынын төрагасы К.Турганбековдун, жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Г.Калиеванын, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Б.Аманалиеванын  маалыматтары угузулду.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соттордун иштерди кароо боюнча өсүү тенденциясы отчеттук мезгилде да сакталганы көрүнөт.

Эгерде, 2013-жылы биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор тарабынан 153 658 иштер жана соттук материалдар каралган болсо, 2014-жылы каралган иштердин саны 7,7% өсүп, 165 567 ишти жана соттук материалдарды түздү.

Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан каралган 165 567 иш жана соттук материалдардын ичинен апелляциялык жана кассациялык тартипте 15 087, ал эми көзөмөл тартипте 6 463 сот актыларына даттанылган, бул жалпы каралган иштердин 13,01%  пайызды түзөт (2013-жылы 18 095). Даттанылган сот актылардан 10 205 же 47,4 % (2013 жылы – 30,4%) күчүндө калтырылган.

Соттук актылардын эң бийик бекитүү сапаты – Бишкек шаарынын райондор аралык сотунда байкалат, эгерде жалпысынан 918 соттук актылары даттанылса, анын ичинде 820 соттук актылар же 69%  күчүндө калтырылган,  Нарын областынын райондор аралык сотунда – 68% , Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда – 67%.

Ал эми биринчи инстанциядагы соттордун эң төмөнкү пайыздык көрсөткүчү Ысык-Көл областынын Тоң райондук сотунда байкалат, эгерде жалпысынан 61 соттук актылары даттанылса, анын ичинен 37 соттук актылары же 60% жокко чыгарылган.  Ошондой эле төмөнкү пайыздык көрсөткүчү Ысык-Көл райондук сотунда көрүнөт – 56%.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Cотунун төрагасы Ф.Жамашева Пленумдун отурумунда республиканын сотторунун төрагаларына каралган иштердин сапаттуу көрсөткүчтөрүнө жана ал көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча баардык чараларды көрүүгө көңүл бурууну белгиледи.

Андан тышкары, төрагаларга маал-маалы менен бирдиктүү соттук тажрыйбага келтирүү үчүн айрым категориялар боюнча соттук тажрыйбаны жалпылоону жүргүзүү менен судьяларга тажрыбайлык жардам көрсөтүүнү белгиледи. Ишти кароонун процесстик мөөнөттөрдү сактоо боюнча да тийиштүү көнүл бурулду, анткени, акыркы учурларда соттордогу каралып жаткан иштердин негизсиз создуктуруу жөнүндө көптөгөн кайрылуулар түшүүдө.

Жогорку Соттун төрагасы тарабынан ошондой эле жергиликтүү соттордун баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланыштуу жана кызматтык кылмыштарды кароо боюнча иши жөнүндө маалымдалды.

Отчёт мезгилинде төмөнкү категориядагы иштердин кыскартылган саны көбөйдү, алар өлкөбүздөгү азыркы учурда жүрүп жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу жана аны менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатка жана мыйзамдарга туура келбегени белгиленди.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту судьялардын, тергөө органдарынын, прокуратура жана мамлекеттик органдарынын үстүнөн 27 жеке аныктама чыгарган.

Бул боюнча Ф.Жамашева судьяларга мамлекеттик органдардын башчыларына мыйзам бузууларды билингенине көңүл бурууга, тергөө органдарынын, судьялардын жана башка жактардын мыйзам бузууларын табууну сунуштады.