Жогорку Кеңештин Вице-спикери Т.Зулпукаров ЖОЖ студенттери менен жолугушту
11-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Ош, Жалал-Абад облустарындагы жогорку окуу жайлардын Жаш лидерлер мектебинде окуган студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Т.Зулпукаров жаш лидерлерге парламенттик-президенттик башкаруу формасы, Жогорку Кеңештин жана анын комитеттери менен фракцияларынын ишмердүүлүгү, Көпчүлүк коалициясынын түзүлүшү, Азчылык коалициясынын ыйгарым укуктары тууралуу айтып берди. “Кыргызстанда коомчулуктун баардык катмарларынын, анын ичинде мыйзам чыгаруу органындагы оппозициянын көз караштары эске алынган Борбордук Азия үчүн уникалдуу башкаруу формасы түзүлдү”,- дейт вице-спикер.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүүсүнүн оң жана терс жактары, өлкөнүн тышкы карызы, мамлекеттик чек араны коргоо, калкты газ менен камсыздоо, кичи ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрү, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо, мамлекеттик тилдин колдонулуш аймагын кеңейтүү багытындагы суроолоруна жооп алышты.


Leave a Reply