детдом1

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаев Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылындагы «Хадича» балдар үйүндө болуп, алардын турмушунан  кабар  алды.

Аталган балдар үйү 15 жылдан бери иштеп келет. Мында томолой жана жартылай жетимдер менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары тарбияланат.

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында болгон жер титирөөдө аталган балдар үйүнүн  имараты  дагы жабыр тарткан. Мындан улам ал жердеги абалды  вице спикер Төрөбай  Зулпукаров  депутаттар  Курманбек Дыйканбаев Талант Узакбаевдер  жеринде көрүп келишкен.

Балдар  үйү бюджеттен каржыланбагандыктан, өздөрү ар кандай долбоорлорду жазып каражат табышат. Бирок,өкмөттүк эмес уюмдардын кол сунуусу ырааттуу болбогондуктан, кыштын ызгаары күчүнө кирип турганда көмүр менен камсыздалбай, электр энергиясына карыз болуп калган.

Мындан улам айтылган көйгөйдү чечүүнү колго алган эл өкүлдөрү Кажы-Сай айылындагы «Хадича» балдар үйүнө материалдык жактан колдоо көрсөтүп, кышта балдар үшүбөсүн деп он тонна көмүр менен электр энергиясы үчүн акча каражатын беришти. Мындай жардамга балдар үйүндө эмгектенгендер ыраазы.

Белгилей кетсек, вице спикер Төрөбай Зулпукаров депутаттар Курманбек Дыйканбаев Талант Узакбаевдер буга чейин аталган балдар үйүндө болуп, жеке каражаттарынан  электр энергиясына болгон карыздарын төлөп, көмүр менен камсыз кылаарын убадалашкан деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.