Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары КРнын укук министри кызматына Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин карашты.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев талапкердин өмүр баяны менен тааныштырды.

Ж.Мамбеталиева 1971-жылы Бишкекте төрөлгөн. «1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктап, прокурор, башкы прокурордун жардамчысы, юрист-консультант, 1996-жылдан баштап өкмөттүн юридикалык бөлүмүндө референт болуп иштеген. 2002-жылга чейин эксперт-консультант болуп иштеп, өкмөттүн сектор башчысына чейин жеткен. 2008-жылдын 8-октябрынан тарта азыркыга чейин укук министринин орун басары болуп келет», – деди А.Маматалиев.

Сессиянын жүрүшүндө депутат Абдыжапар Бекматов («Республика») суроо-жоопторду токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү сунуштады.

«Ж.Мамбеталиева бул кызматка ракета менен учуп келип, парашют менен жерге конгон жок. Талапкердин жетиштүү иш тажрыйбалары бар. Ал консультанттан баштап министрдин орун басарына чейин жетти. Суроо берүүнү токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү сунуштайм», – деди Бекматов.

Депутаттар түшкөн сунушту колдошту.

Добуш берүүнүн жүрүшүндө Ж.Мамбеталиеванын талапкерлигин жактырууга 72 депутат «макул» добушун берсе, экөө – «каршы» болду.