ӨКМ кырсыктардын алдын алууда муфтият менен иштешет
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгын жана жер-жерлердеги казылар менен имамдарды өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырат. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул боюнча эки-үч айда бир жолу, атайын график түзүп, жума күндөрү жума намаздарындагы баяндарда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу маселелерди көтөрүп, элге кырсыктардан сактануу, алардын алдын алуу, кырсык учурунда бири-бирине жардам көрсөтүү, башка бирөөлөргө зыянын тийгизбөө максатында жер-жерлердеги имам-хатибдер аркылуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгынын азирети
ге расмий түрдө кат жөнөтүлдү. Анткени, Кыргыз Республикасынын калкынын 80 пайыздан ашыгын мусулмандар түзөт жана Ислам дини бирөөгө зыянын тийгизбөөгө, туш тарапка таштандыларды таштабоого, тазалыкты бекем сатоого чакырат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө жана аймактардагы башкармалыктарына дин кызматкерлери менен биргеликте кырсыктардын алдын алуу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply