жихад7 жихад жихад1 жихад2 жихад3 жихад4 жихад5 жихад6

“Ислам мамлекети” радикал тобу өздөрүн казакстандыкпыз деп атаган жашы жетелек балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы интернетке жарыя кылды. Британиялык Daily Mail басылмасынын жазганы боюнча аталган тасма интернетке 22-ноябрда коюлган.

Тасмада өспүрүмдөр казак тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле алар Куранды жана араб тилин үйрөнүп жатканы баса көрсөтүлгөн. Кийинчерээк ошол эле балдар жашыл түстүү кийимде колдорунда курал менен аскердик машыгуудан өтүп жатканы тартылып алынган. Тасмада жаш балдар Калашников автоматын канчалык деңгээлде колдоно аларын көрсөтүшкөн. Алардын бири Абдулла аттуу бала казакстандык экенин, чоңойгондо можахед болорун айтат. Дагы бир атын атагысы келбеген бала “Биз бул лагерде динсиздерди өлтүрүү үчүн машыгып жатабыз” дейт. Ошондой эле кадрлардын биринде оюнчук курал кармаган наристе бала да бар.

Өткөн жумада Казакстандын коопсуздук кызматы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунда 300гө чамалуу казакстандык бар экенин жарыялаган болчу.Бул тасма качан тартылганы белгисиз. Daily Mail маалыматы боюнча бул сюжет “Ислам мамлекети” радикал тобунун басма сөз борбору “Ал-Хаят” тарабынан даярдалган. Эске салсак, буга чейин бир жыл мурун интернетте “Сириядагы 150 казакстандык жихадчы үй-бүлө” тууралуу тасма пайда болгон. Артынан эле казакстандыктардын Сирия, Иракта согушуп жаткан ар кандай радикал топторго катыштыгы тууралуу тасмалар чыга баштаган. Сириядагы согушка кеткендердин агымы Кыргызстанда да тыйылбай келүүдө. Учурда Сирияга кеткендердин токсон пайызы Кыргызстандын түштүк аймагынын тургундары. Анын ичинен ону Сирияда каза тапканы айтылууда. Жакында эле дагы үч кыргызстандык Сирия өкмөтүнүн туткуну болгонун Орусиянын телеканалдарынын бири жарыялап чыккан. Адистердин сөзүндө, Сирияга кетип жаткан жаштардын диний жактан сабаты начар. Сырттан келген экстремисттик агымдардын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүүгө жарамдуу дин таануучулардын аздыгы жаштардын башка агымдарга ооп кетишине себеп болууда. УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын маалыматы боюнча Сирияга кеткендердин жалпы саны 175 адамга жеткен. Алардын 90% өзбек, 6% уйгур, 3% кыргыз. Сирияга кеткендердин 90% 25-29 жаш курактагылар болсо, алардын 23ү аял кишилер. Сириядагы согуштук аракеттерге агылган жаштар түрдүү маалымат каражаттары аркылуу шарият мыйзамын орнотуу үчүн биринчи кезекте Орто Азияга согуш ачарын ачык айтышууда.

    Мээрим БАКТЫБЕКОВА