Жети-Өгүз районунда өзүнүн ичимдик ичкен атасына 9 жана 10 жаштардагы кыздарын таштаган эне Якутск аймагына иштеп келүү үчүн кеткен
Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунда өзүнүн ичимдик ичкен атасына 9 жана 10 жаштардагы кыздарын таштаган эне Якутсктун аймагына иштеп келүү үчүн кеткен.
Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз РИИБдин жетекчиси Тилек Түкебаев билдирди.
Маалыматка ылайык, райондун аймагында жардамга муктаж жашы жете элек балдарды аныктоо боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Ушул жылдын 30-январында Оргочор айылында өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекциянын кызматкерлери жана М.Тынаев атындагы орто мектептин социалдык педагогу тарабынан аталган мектепке жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чара учурунда 65 жаштагы таятасынын үйүндө эже-сиңдилер калтырылгандыгы белгилүү болду.
«Алардын энеси 36 жаштагы М.Г. кыздарын өзүнүн атасына таштап, иштеп келүү үчүн Якутскка кеткен. Инспекторлор менен социалдык педагог кыздардын жашаган жеринин социалдык абалын текшерүү учурунда кыздардын таятасы мас абалда болгон. Ошондой эле, ал алкаголдук ичимдикти көп иче тургандыгы белгилүү болду», – деп айтылат маалыматта.
Кыздар социалдык кызматкерлер тарабынан Жети-Өгүз районундагы «Келечек» балдар үйүнө жайгаштырылды. Кыздары тууралуу апасына уюлдук телефон аркылуу маалымат берилди.


Leave a Reply