555
 Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөлөрү бүгүн, 9-февралда КР менен Судан, Конго, Сомали, Кот-Д’Ивуар, Жибути Республикалары жана Бутан королдугу менен дипломатиялык мамиле түзүү жөнүндө биргелешкен коммюнике долбоорун карап чыкты.

Маалым болгондой, бул ишти Тышкы иштер министрлиги демилгелөөдө.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, бул макулдашууга БУУнун уставы жана Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясына ылайык кол коюлууда.

Талкуудан соң депутаттар макулдашуунун долбоорун жактырышты.