жер титир

Министр Кубатбек Боронов жер титирөөдөн келтирилген чыгымдарды эсептөөнү тездетүүнү милдеттендирди бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 2014-жылдын 19-ноябры күнү атайын жыйын өткөрүп, анда 2014-жылдын 14-ноябрында Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумуштарынын жүрүшү боюнча маалыматтарды алып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Алгач министрликтин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси, полковник Мухамед Сваровдун маалымат берди. “Ысык-Көл облусунда жер титирөөдөн кийин турак жайлары жабыркаган жарандардан 2314 арыз түшкөн. Алардын ичинен 1540 турак үй жана 44 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 513 турак үй жана 14 социалдык объект I даражада, 715 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 172 турак үй жана 12 социалдык объект III даражада, 109 турак үй IV даражада жабыр тарткан. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин  улантууда”-деди М. Сваров.

Министр Кубатбек Боронов мындай жоопко канааттанган жок, “Эмне үчүн материалдык чыгымдарды эсептөө мен койгон мөөнөттө бүтпөй жатат? Силерге эмне тоскоол болуп жатат? Эгерде арыздарды кароого жетишпей жатсаңар, мага айтпайсыңарбы, комиссияга жардам бере турган кошумча ыкчам топторду түзүп жөнөтөт элек. Биздин алдыбызга Президентибиз тапшырма койгон, силер азырга чейин калктан түшкөн арыздарды карап бүтө албай жатасыңар. Керек болсо, түнү-күнү иштегиле” -деди министр.

Министр жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды эсептеп, тиешелүү министрликтерге өткөрүп берүүнү көзөмөлгө алып, кандай зарылдык болсо, тез арада чечип, ишти ыкчам бүткөртүүнү министрдин орун басары Давлетбек Алимбековго тапшырды. “Эгерде жумушту тез арада бүткөрүүдө же материалдык чыгымдарды эсептөөдө мыйзам жана эрежелерди бузган кызматкерлер боло турган болсо, токтоосуз жумушунан четтетилет”- деп кошумчалады министр К. Боронов.

Алдын ала болжолдуу эсептөөлөр боюнча болуп өткөн жер титирөө турак жайларга 90 миллион сомдон ашык материалдык чыгым алып келген, чыгымдарды эсептөөлөр уланууда. Ал эми социалдык обьектилерге келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип жатат.

Эскерте кетсек, мыйзамда 4-даражада жабыркаган турак жай ээлерине 200 миң сомдон узак мөөнөттү ссуда берүү, ал эми 3-даражада жабыркаган турак жай ээлерине капиталдык ремонттон өткөрүү чүн 10 миң сомдон ссуда берүү каралган.