19-декабрда «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча Парламенттик угуу өткөрүлөт
Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча Комитети Жогорку Кеңештин депутаты К. Рыспаев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча Парламенттик угуу өткөрөт.
Аталган мыйзам долбоору мамлекеттик кызматчыларга мамлекеттик тилди билүү боюнча квалификациялык талабын караштырууда. Парламенттик угууда мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү дэңгээлин аныктоо тартиби, критерийлери жана бул багытта мамлекеттик органдар тарабынан кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө деген маселелердин тегерегинде талкуу болот.
Ошол себептүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрүн, көзкарандысыз эксперттерди жана кызыкдар жактарды аталган парламенттик угуунун ишинде активдүү катышууга чакырабыз.
Байланыш телефондору:(0312) 638778, 638790; e–mail: regl_etica@kenesh.kg
Убактысы жана орду: 2014 жыл, 19-декабрь, 14:00, Жогорку Кенеш, Чыгыш зал (1-кабат)


Leave a Reply